Дипломдун аныктыгын текшерүүнү токтотууну каалап, акча сунуштаган айыл өкмөт кызматкери кармалды

 Дипломдун аныктыгын текшерүүнү токтотууну каалап, акча сунуштаган  айыл өкмөт кызматкери кармалды

Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагында  кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталып, ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн КР УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом өлчөмүндө акча каражатын  сунуштаган.

Бул тууралуу УКМК маалымат кызматынан билдиришти.

24-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР УКМК кызматкерине 160 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен  Пригородный а/а кирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т. кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар