Дин кызматкери кичинекей кызга үйлөндү деген маалымат фейк. Фактчек

 Дин кызматкери кичинекей кызга үйлөндү деген маалымат фейк. Фактчек

Социалдык тармактарда дин кызматкери жашы болжол менен 6-7 жаштагы кызга баш кошту деген маалымат тарады. Маалыматты фейк аккаунттар таратып, ислам дининдеги мыйзам ушундай деп белгилеген. 

Бул маалымат социалдык тармактарда бир канча жолу бөлүшүлүп, кызуу талкуу жараткандыктан, биздин редакция сүрөттүн алгачкы булагын текшерип көрдү.

Сүрөт буга чейин башка тилдеги аудиторияларда бир канча жолу жарыяланып, талкууга алынган. 2017-жылы Испаниялык Facebook колдонуучу жарыялап, ак көйнөкчөн кичинекей кыз улгайган адамдын аялы экендигин жазган. 

2016-жылы Түркиялык режиссер Мурат Чабаноглу да бул сүрөттү Twitter баракчасына жарыялап, Түркиянын чыгышындагы Элазыг шаарында бала бакчада куран окууну үйрөнгөн кичинекей кыздардын майрамында тартылганын жазып чыккан. 

Түркиянын массалык маалымат каражаттары да бул сүрөт боюнча маалымат жарыялаган. Анда аталган сүрөт үйлөнүү той эмес экенин, куран окууну үйрөнгөн кичинекей кыздардын майрамы болсо дагы, сүрөт талкууланып, талашка түшкөнүн жазган. Анткени бала бакчадагы кыздар үйлөнүү тойго байланыштуу кийим кийишкенин билдирген. 

Биз Түркиянын Элазыг шаарындагы аталган Лалегүл бала бакчасынын Facebook баракчасын таптык. Анда жогорудагы сүрөттү таба алган жокпуз. Бирок ага окшош бир канча сүрөттөрдү көрүүгө болот. 

Ошондой эле ал баракчадан куран окуп баштаган кыздардын майрамынын видеосун да таптык. 

Анда куран окуп баштаган кичинекей кыздар той көйнөктөрү сыяктуу кийимдерди кийип майрам өткөргөнүн көрүүгө болот.

Open.online басылмасы талкууга түшкөн сүрөт биринчи жолу жогоруда аты аталган бала бакчанын баракчасында жарыяланганын, кийинчерээк өчүрүлгөнүн жазып чыккан. 

Жыйынтык:  Дин кызматкери 6-7 жаштагы кызга баш кошту деген маалымат жалган. Талкууланып жаткан сүрөт Куран окууну үйрөнгөн кичинекей кыздардын майрамында тартылган. 

Жанылыктар