Депутаттар Т. Зулпукаров менен А. Жээнбеков абактан бошотулду

 Депутаттар Т. Зулпукаров менен А. Жээнбеков абактан бошотулду

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту  Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековду  камактан бошотту.

УКМКнын тергөө тобунун өтүнүчүн канааттандырылып, судья Нурдин Ибраимов тарабынан эл өкүлдөрүнүн баш коргоо чарасы жокко чыгарылды.

Эске салсак, ушул жылдын 31-майында Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары Т. Зулпукаров менен А. Жээнбеков  «Кумтөр» иши боюнча кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Жакында эле Башкы прокуратура депутаттарды  кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун киргизген. Ал эми парламент депутаттарын кол тийбестиктен ажыратуудан баш тарткан.

Жанылыктар