Депутаттар балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартууну сунуштады

 Депутаттар балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында бир нече депутат жашы жете электерге карата зомбулук жасагандарга жазаны күчөтүү керектигин сунуштады.

Нуржигит Кадырбеков кесиптештерин кылмышкерлерге карата чогуу чара көрүүгө чакырды. Ал зомбулук жасагандарды өлүм жазасына тартуудан башка чара жок деп эсептейт.

“Түрмө адамды оңдобойт. Майда уурулук менен түрмөгө киргендер ал жактан чоң уурулуктун түрлөрүн үйрөнүп чыгат. Жаман сыпаттар дагы жугушат. Өлүм жазасын киргизиш керек. Башка жолу жок. Мындайлар өлүмдөн гана коркпосо башкадан коркпойт”,-деди Кадырбеков.

Ал эми депутат Ырысбек Атажанов 14 жашар кыздын өлүмүн эскерип, мындай окуялар жаза катаалдашканда гана кыскараарын айтты.

“Кадамжайдагы 14 жашар кыздын зордукталып, өлтүрүлүшү улуттук трагедия. Чечкиндүү кадамга баралы. Педофилдерге өлүм жазасын киргизиш керек. Муну тез арада коммисия түзүп карап чыгалы”,- деди Атажанов.

Марлен Маматалиев өлүм жазасын киргизүү сунушуна депутаттарды кол топтоого чакырды. Ал сунушту референдумга чыгаруу үчүн 300 миң кол топтоого даяр экенин билдирди.

“Референдумга 300 миң кол топтогону партиялар жардам берсин . Мына Ынтымак партиясы даяр. Дагы бул жакта башка партиянын өкүлдөрү, бир мандаттуу округдардан депутаттар отурат.  Келиңиздер, процедураны баштайлы”,-деди ал.

Ушундай эле сунушту Тазабек Икрамов, Акылбек Түмөнбаевдер дагы колдоду.

 

 

Жанылыктар