Депутат жардамчысын лицейге директор кылып дайындоону суранган

Депутат Кундузбек Сулайманов билим берүү жана илим министрине Токтогул районундагы профессионалдык лицейдин директорунун жардамчысын дайындоону сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Жыйында Кундузбек Сулайманов Бейшеналиевди сынга алып, ал буга чейин министр болуп иштеп, билим берүү тармагын реформалай албай жатканын айтты.
«Мындай адам беш жыл, беш мүнөт иштебеши керек», — деп кошумчалады эл өкүлү.
«Сиз менден Айжан Үсөнкановнаны лицейге директор кылып дайындоону сурангансыз. Ал квалификациялык талаптарга жооп берген эмес, мен баш тарттым. Ал сиздин жардамчыңыз. Ошондон кийин мени каралай баштадыңар”,- деп жооп кайтарды Алмазбек Бейшеналиев.