Депутат улуттук авиакомпанияны түптөө сунушун берди

 Депутат улуттук авиакомпанияны түптөө сунушун берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү 25-январдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев улуттук авиакомпанияны түптөө сунушун берди.

Эл өкүлү Кыргызстанда монополистке айланган эки гана авиакомпания иш алып барып жатканын жана учактардын жетишсиздиги чоң көйгөй экенин айтып, улуттук авиакомпанияны түптөө керектигин белгиледи.

“Андыктан тийиштүү жетекчилерге тапшырма берип, улуттук авиакомпаниябызды кайрадан калыбына келтирели. Аймактарда да аба майдандары курулууда. Элибиз муктаж болуп турган ички каттамдарды камсыздоо максатында учактарды сатып алалы. Анткени, өзгөчө кырдаалдарда учактын жоктугу жарандарыбызга ыңгайсыздык жаратып, ал тургай Президентибиз да иш сапарларына ижарага алынган учак менен учууда”, – деди депутат.

Жеңишбек Токторбаев ошондой эле аба каттамы кирешелүү тармак экенин белгилеп, аталган маселе боюнча изилдөө жүргүзгөнүн кошумчалады.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар