Депутат президенттин алдында аялдар комитетин түзүүнү сунуштады

Депутат Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин бүгүнкү 9-февралдагы жыйынында Президенттин алдында Аялдар комитетин түзүү демилгесин көтөрдү.
Эл өкүлү аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук үч эсе жогорулаганына байланыштуу, абалды жөнгө салууда натыйжалуу чараларды көрүү керектигин белгиледи.
“Керектүү мыйзамдар кабыл алынганына карабастан, тиешелүү мамлекеттик аткаруу органдары тарабынан аялдардын, балдардын коопсуздугун алдын-алуу иштери жеткиликтүү жүргүзүлбөй келет. Андан тышкары, мамлекеттик деңгээлде идеологиялык системдүү иш-аракеттин жоктугунан аялдарды жана балдарды радикалдуу диний топторго тартуу коркунучу өсүүдө. Андыктан көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүү үчүн бир катар натыйжалуу чараларды көрүү зарыл”, – деди депутат.
Муну менен ал Президенттин алдында Аялдар комитетин түзүүнү сунуштап жатканын маалымдады.