Депутат Коргонбай уулу президенттин Оштогу өкүлүн сынга алды

 Депутат Коргонбай уулу президенттин Оштогу өкүлүн сынга алды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 9-марттагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов токой чарба жана Кулатов айыл өкмөтүндөгү жерлерди бир тууган агасына каттатып алганын айтып чыкты. 

Эл өкүлү укук коргоо органдарына кайрылып, Жамалдиновдун мүлктөрүн иликтеп чыгууну талап кылды.

“Оштун губернатору лесхоздун жерин үйүн кошо, өзүнүн бир тууган агасы Арапбай Жамалдиновго 2021-жылы каттаткан. Андан сырткары Кулатов айыл өкмөтүндө Жинжиген деген учаскада 181 гектар жердин анын ичинде 5 гектарын мөмө кылып иштетем деп ал жерди да каттатып алыптыр. Менде официалдуу документтер турат. Өмүр бою бир да бизнес кылбай туруп, ушунча жерге, ушунча мүлккө ээлик кылган президенттин өкүлүнө бул моралдык жактан да уят нерсе”,- деди Коргонбай уулу.

Ошондой эле ал президент да кайрылып, Жамалдинов келген инвесторлорго бут тосуп жатканын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун айткандарына президенттин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов азырынча жооп бере элек.

 

Жанылыктар