Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин директору алмашты

Кадырбек Букуев Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык, Эркебай Мурзабеков Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору кызматынан бошотулду