Денис Петрашов АКШдагы турнирде биринчи орунду ээлеп, жаңы рекорд жаратты

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Атлантадагы турнирде 200 ярд аралыкка брасс сүзүүдө биринчи орунду ээледи. Ошондой эле ал убакыт боюнча жаңы рекордун койду. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.
Петрашов 200 метр аралыкты 1:50:51де сүзүп, турнирдик рекордду жаратты.
“Куттуктайбыз! Бул Денисти Америка континентинде гана эмес, бүткүл планетада элиталык сууда сүзүүчүлөрдүн бири кылган укмуштуудай жетишкендик!” – деп жазылат федерациянын маалыматында.
Денис Петрашов 2022-жылы Израилде өткөн турнирде 2 алтын уткан.