Дээрлик 2 сутка аралчада калган жаран куткарылды

 Дээрлик 2 сутка аралчада калган жаран куткарылды
Такталган маалымат боюнча, Кемпир-Абад суу сактагычынан 280 м куб суу агып чыгып, Арал айылынан агып өткөн “Кара-Дарыя” дарыясынын Кундузчу участогунун деңгээли көтөрүлүп дарыянын ортосунда аралчада (островок) күрүч эгип жүргөн эркек киши калып кеткен. Окуя 11-майда орун алып, ӨКМге 12-май күнү маалымат келип түшкөн. Жалал-Абад шаардык №58 ӨКБдан 5 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнун №2-ӨИКОдон 6 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар кайык менен аралга сүзүп барып, 1962-ж.т. А.Н. аттуу эркек кишини жээкке алып келишкен.
Куткарылган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген. Абалы жакшы. Жеринде куткаруу ишин КР ӨКМнин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөлдөгөн.

Жанылыктар