Дамир Монолдоров Өзгөндүн мэри болуп дайындалды

 Дамир Монолдоров Өзгөндүн мэри болуп дайындалды

Өзгөн шаарынын мэри болуп Дамир Монолдоров дайындалды. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Рахман Атажанов билдирди. 

Маалыматка ылайык, жаңы мэр ротация жолу менен Ысык-Көл облусунан келген. Аны жамаатка президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов тааныштырды.

Өзгөн шаарынын мурдагы мэри Нодирбек Каримов апрель айынын аягында ээлеген кызматынан бошотулган. Ага карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жанылыктар