Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиону болду

 Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиону болду

Бишкекте өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында Дайырбек Карыяев алтын медаль утту. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Карыяев күжүрмөн самбо боюнча 79 кг салмакта күчүн сынап, финалда казакстандык спортчу 4:0 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

Чемпионатта ошондой эле 88 кг салмак категорияда Жамалбек Асылбек уулу жана күжүрмөн самбо боюнча 64 кг салмак даражада Саяк Бараканов коло байгеге ээ болду.

Эскерте кетсек, мелдеш Бишкектин “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда 11-13-ноябрь күндөрү өтүүдө.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер орун алууда:

Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору;

Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80 кг жогору;

Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.

1-орун- 4000 доллар;

2-орун- 3000 доллар;

3-орун- 2000 доллар.

Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу аттанган.

 

 

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар