Дагестанда мобилизацияга каршы акцияларда 100дөн ашык киши кармалды

 Дагестанда мобилизацияга каршы акцияларда 100дөн ашык киши кармалды

Дагестанда мобилизацияга каршы митингдер кайра жанданып, 100дөн ашык киши кармалды. Нааразылыктын катышуучулары менен полициячылардын ортосунда жапырт башаламандык катталды.

Кийинчерээк полиция жана Росгвардия өкүлдөрү Ленин атындагы аянтты курчап, нааразылыкты видеого түшүргөн жаштарды кармап, телефондорун текшеришти.

Хасавюрттагы митингге эки жүздөй киши келди. Полиция аларга күч колдонуп, демонстранттар каршылык көрсөтүштү.

Нааразылык акциясы Нальчик шаарында да болду. Митингчилерге жергиликтүү чиновниктер жолугушту. Алар респубилкадан канча киши Украинадагы согушка тартылары жөнүндө суроого жооп берүүдөн баш тартышты.

21-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Бул – Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Россияда жарыяланган алгачкы мобилизация.

Жанылыктар