Дүкөндөгү окуяга байланыштуу Акжолтой Тукунов кечирим сурады ага эскертүү берилди

Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукуновго эскертүү берилди, ал дүкөндөгү окуяга байланыштуу кечирим сурады. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 2-августта аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.Анда дүкөндөрдөгү баалар боюнча мониторинг дайыма эле, жумуш маалында жана дүкөндүн тийиштүү өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлүп турары, атайын сурамжылоо баракчалары толтурулушу керектиги, соодагерлер мекеменин бул ишине түшүнүү менен мамиле кылары, бирок видеосу интернетте тарап жаткан мындай окуя биринчи жолу катталганы айтылды.Мекеменин маалыматына караганда, Тукунов ал дүкөндү текшерейин деген ою болбогонун, себеби ал жакка сатып алуучу катары жана жумуш маалында эмес киргенин, бирок айрым социалдык маанилүү товарлардын баасы өтө кымбат болгондуктан ошону белгилеп койгусу гана келгенин айтып берген.Тукунов өзү чөнтөк телефонуна тартып, “Фейсбук” баракчасына жайгаштырган, бирок кийин кайра өчүрүлгөн видео азыр интернетте кызуу талкууланууда.