Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түркия менен Сирияга 109 тонна дары-дармек жөнөттү

 Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түркия менен Сирияга 109 тонна дары-дармек жөнөттү

Түркия жана Сирияда катталган жер титирөөдөн жабыкарган жарандарга медициналык жардам көрсөтүү максатында 109 тонна дары-дармек жана хирургиялык буюм-тайымдар берилди. Бул туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалымат кызматынан билдиришти. 

Бул үчүн ДССУ өзгөчө кырдаалдардын резервдик фондунан 3 млн АКШ долларын бөлгөн. Бул сумма жеткирүү акысын да камтыйт. Жүктүн жалпы баасы 826 миң доллар деп бааланган. Жүк Дубайдагы ДССУнун Глобалдык логистикалык борборунан жөнөтүлдү.

Бүгүнкү күндө Түркияга 37 тонна, Сирияга 72 тонна жашоого керектүү материалдар жеткирилген.

Белгилесек, Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен.

Зилзаланын кесепетинен Түркияда каза тапкандардын  саны 29,5 миңден ашты. Al Jazeera маалымдагандай, Сирияда төрт жарым миңден ашык киши мерт кетти.

Эки өлкөдө жаракат алгандардын саны 80 миңден көп. Жүз миңдеген кишилер үй-жайынан ажырады.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар