Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19дан өлүм учурлары көп катталып жатканын билдирди

 Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19дан өлүм учурлары көп катталып жатканын билдирди

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адхан Гебрейесус 2022-жылдын декабрь айынын башынан бери COVID-19дан расмий түрдө каза болгондордун саны көбөйүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, ушул жумада коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал жарыялангандан дээрлик үч жыл өткөндөн кийин уюмдун эксперттери учурдагы абал дагы деле глобалдык өзгөчө кырдаал болуп калабы же жокпу деген маселени талкуулоо үчүн кайрадан чогулушат.

“Мен Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин сунуштарын жакшы эмес экенин алдын ала сезип турам жана өлүм учурларынын өсүп жатканына тынчсызданып жатам. Биз үч жыл мурунку пандемияга караганда жакшыраак абалда турсак дагы, саламаттыкты сактоо тутумдары дагы бир жолу оор абалды баштан кечирүүдө”, – деди Гебрейесус.

Муну менен катар ДССУнун адистери коронавируска каршы вакциналар кынтыксыз эмес экенин, ал тургай, эмдөө жогорку деңгээлде камтылганда да аны алган адамдардын арасында оор учурлар көбөйүп жатканын белгилешет.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар