Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 148 спортчу барды

 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 148 спортчу барды

Түркияда башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага Кыргызстандан 148 спортчу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине 30дай өнөр адамы да барды.

Мелдешке катышкан спортчулар көкбөрү, көкпар, алыш күрөшү, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча күч сынашат.

Кыргыздын улуттук оюндарынын катарын толуктаган тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Оюндар Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин өтөт.

Мелдешти өткөрүү демилгеси 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы алгачкы ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн.

Жанылыктар