Дүйнөлүк банк Саламаттыкты сактоо министрлигине 30 «Нива» берди

 Дүйнөлүк банк Саламаттыкты сактоо министрлигине 30 «Нива» берди

Бүгүн, 14-апрелде саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна жаңы «Нива» автоунааларын тапшыруу аземи болуп өттү.

Саламаттык сактоо министрлигине жалпы суммасы 1 014 300 (бир миллион он төрт миң үч жүз) АКШ долларын түзгөн 69 санитардык автоунаалар тапшырылган. Алар республикадагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна жана саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлүп берилди.

Автоунаалар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га шашылыш чара көрүү долбоору» долбоор аркылуу сатылып алынган. Долбоордун максаты – Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына даярдык көрүү жана каршы туруу аракеттерин колдоо.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмдөрүнүн көп объектилери райондун борборлорунан бир кыйла алыстыкта жайгашкан. Кээ бир участоктордун тейлөө радиусу жетүүгө кыйын аймактарда 100 км жетет.

«Нива» үлгүсүндөгү унаалар дары-дармектерди жеткирүү жана ПЧР- изилдөөлөрү үчүн биоматериалды ташуу үчүн да колдонулат.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун ишмердүүлүгү калктын саламаттыгын сактоого, эпидемиологиялык бейпилдикти жакшыртууга жана массалык профилактикалык иш-чараларды иштеп чыгууга багытталган.

Эске салсак, 2020-жылы өлкөнүн санитардык кызматтарына Долбоор аркылуу 19 «Нива» унаасы алынган.

Жанылыктар