Дүйнөдөгү эң чоң самолет Кыргызстанга учуп келди

 Дүйнөдөгү эң чоң самолет Кыргызстанга учуп келди

Дүйнөдөгү эң чоң деп аталган самолет  Ан-225 «Мрия» кечээ, 28-ноябрда эл аралык “Манас” аэропортуна конду.

Анын узундугу 84 метр, бийиктиги 18,2 метр жана жайылган канаты 88,4 метрди түзөт.

«Мрия» ушуну менен Кыргызстанга үчүнчү жолу учуп келди. Буга чейин ал 2013- жана 2018-жылдары учуп келген.

Ан-225 “Мрия” – дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң  жүк ташуучу учак катары жалгыз гана нускада бар. Авиация майы менен толук толтурулганда 15 миң километрден ашык аралыкты басып өтө алат. Мынай чоң аба кемесин дүйнөнүн бардык эле аэропорттору кабыл ала албайт.

Жанылыктар