Дүйнө калкынын саны сегиз миллиардка жетти

 Дүйнө калкынын саны сегиз миллиардка жетти

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсептөөсү боюнча, дүйнө калкынын саны сегиз миллиардка жетти.

“Бул маанилүү этап биздин ар түрдүүлүктү даңазалоого, жалпы адамгерчилигибизди таанууга жана эне менен баланын өлүмүн бир топ кыскарткан саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктерди белгилөө үчүн мүмкүнчүлүк”,-деди БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш.

БУУнун маалыматы боюнча, дүйнө калкы 2030-жылы 8,5, 2050-жылы 9,7 миллиардка чейин өсүшү мүмкүн.

Уюмдун болжолунда, калктын саны 2080-жылдары 10,4 миллиардка жетет жана 2100-жылга чейин ушул деңгээлде калат.

Ал эми  World Population Prospects 2022 уюмунун божомолуна ылайык, Индия 2023-жылы Кытайды басып өтүп, дүйнөдөгү калкы эң көп өлкө болоору белгиленген.

24-июнда БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш 2022-жылы дүйнөнүн көптөгөн аймактары ачарчылыкка кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Ал БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматтарына ылайык, акыркы эки жылда дүйнөдө катуу тамак-аш тартыштыгына дуушар болгон адамдардын саны эки эседен ашык көбөйүп, 276 миллион адамды түздү.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар