Дүйнө чемпионаты: Турнирдин эң кымбат командалары жана оюнчулары

 Дүйнө чемпионаты: Турнирдин эң кымбат командалары жана оюнчулары

Катардагы өтө турган 22-дүйнө чемпиондугу башталганга чейин эле рекорд жаратууда. Бул жылы командалардын баасы боюнча тарыхтагы эң кымбат чемпионат өтөт. Transfermarkt сайтынын маалыматы боюнча, дүйнө чемпиондугуна катышуучу командалардын жалпы баасы 11,4 миллиард еврону түзөт. Биз алдыңкы 10 кураманын баасын жана эң кымбат оюнчуларын тактап көрдүк.

  1. Уругвай – 449,7 млн евро, эң кымбат оюнчу — Федерико Вальверде (100 млн евро)
  2. Бельгия – 563,2 млн евро, эң кымбат оюнчу — Кевин де Брейне (80 млн евро)
  3. Нидерландия – 587,25 млн евро, эң кымбат оюнчу — Матиес де Лигт (75 млн евро)
  4. Аргентина – 633,2 млн евро, эң кымбат оюнчу — Лаутаро Мартинес 75 млн евро)
  5. Германия – 885,5 млн евро, эң кымбат оюнчу — Джамал Мусиала 100 млн евро)
  6. Испания – 902 млн евро, эң кымбат оюнчу — Педри Гонсалес (100 млн евро)
  7. Португалия – 937 млн евро, эң кымбат оюнчу — Рафаэл Леау (85 млн евро)
  8. Франция – 1,03 млрд евро, эң кымбат оюнчу – Кильан Мбаппе (75 млн евро)
  9. Бразилия – 1,14 млрд евро, эң кымбат оюнчу – Винисиус Жуниор (120 млн евро)
  10. Англия – 1,26 млрд евро, эң кымбат оюнчу – Фил Фоден (110 млн евро)

Дүйнө чемпиондугуна катыша турган курама командалардын орточо баасы 356,2 миллион евро экенин эсептөө кыйын эмес. Бирок бул көрсөткүч командалардын баарынын күчтүү экендигин түшүндүрбөйт. Себеби мундиалда жалпы курамы 10 миллион еврого жетпеген командалар да ойнойт.

Дүйнө чемпиондугуна эң арзан курам турнирдин кожоюндары – Катар курама командасынын жалпы оюнчулардын баасы 14,9 миллион еврону түзөт. Эң кымбат оюнчусу 4 миллион еврого, чабуулчу Алмоез Али 2 млнго бааланган. Калгандарынын баасы миллионго жетпейт.

Ошондой эле эң төмөнкү наркы боюнча алдыңкы үчтүккө Коста-Рика (18,7 миллион евро) жана Сауд Арабиясы (25,2 миллион) кирген.

Дүйнө чемпиондугунун эң арзан футболчусу Тунис курама командасынын төртүнчү дарбазачысы Аймен Балбули. Transfermartk 38 жаштагы футболчуну болгону 50 миң еврого баалаган.

 

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар