Дүйнө чемпионаты: Плей-оффтун акыркы оюндары өтөт

 Дүйнө чемпионаты: Плей-оффтун акыркы оюндары өтөт

default

Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын 1/8 финалынын беттештери жыйынтыкталууда. Бүгүн Испания менен Марокко курамасы жана Португалия менен Швейцария курамалары күч сынашат. Жеңген командалар чейрек финалда өз ара беттешет.

Марокко менен Испания курама командаларынын беттеши Бишкек убактысы боюнча 21:00дө башталат. Марокко жети упай менен F тайпасынан биринчи орунда чыкты. Марокколуктар 1-турда Хорватия менен тең чыгып (0:0), андан кийин Бельгияны (2:0) жана Канаданы (2:1) утуп алышкан.

Испания төрт упай менен Е тайпасынан экинчи орунга чыкты. Испаниялыктар Коста-Рика курамасын 7:0 эсебинде утуп, немистер менен тең (1:1), Япония курамасына утулуп (1:2) жетишти.

Португалия менен Швейцария курама командаларынын беттеши Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат. Португалия алты упай менен H тайпасынан биринчи орунда чыкты. Португалиялыктар Гана (3:2) жана Уругвай (2:0) менен болгон беттештерде жеңишке жетип, акыркы турда Түштүк Кореяга (1:2) утулуп калган.

Ал эми Швейцария алты упай менен G тайпасынан экинчи орунда чыкты. Швейцариялыктар Камерунду 1:0 эсебинде утуп, Бразилияга ушундай эсеп менен утулуп, Сербияны (3:2) утуп алган.

2022-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат Катарда 20-ноябрдан 18-декабрга чейин өтөт. Өлкө биринчи жолу турнирди өткөрүүдө. Чемпионатты календардык жылдын аягында өткөрүү чечими климаттык шарттарга байланыштуу кабыл алынган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар