Дүйнө чемпионаты: Франциянын Катарга бара турган курамы жарыяланды

 Дүйнө чемпионаты: Франциянын Катарга бара турган курамы жарыяланды

Франция Катарда өтө турган 22-дүйнө чемпиондугуна бара турган курамын жарыялады. Алар кимдер?

Дарбазачылар:

ЛЬОРИС («ТОТТЕНХЭМ»), АРЕОЛА («ВЕСТ ХЭМ»), МАНДАНДА («РЕНН»).

Коргоочулар:

ЛЮКА ЭРНАНДЕС, УПАМЕКАНО, ПАВАР («БАВАРИЯ»), ТЕО ЭРНАНДЕС («МИЛАН»), КИМПЕМБЕ («ПСЖ»), КОНАТЕ («ЛИВЕРПУЛЬ»), КУНДЕ («БАРСЕЛОНА»), САЛИБА («АРСЕНАЛ»), ВАРАН («МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕД»).

Жарым коргоочулар:

КАМАВИНГА, ТЧУАМЕНИ ( «РЕАЛ»), ФОФАНА («МОНАКО»), ГЕНДУЗИ, ВЕРЕТУ ( «МАРСЕЛЬ»), РАБЬО («ЮВЕНТУС»).

Чабуулчулар:

БЕНЗЕМА («РЕАЛ»), КОМАН («БАВАРИЯ»), ДЕМБЕЛЕ («БАРСЕЛОНА»), ЖИРУ («МИЛАН»), ГРИЗМАНН («АТЛЕТИКО»), МБАППЕ («ПСЖ»), НКУНКУ («ЛЕЙПЦИГ»).

Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы дүйнөнүн учурдагы чемпиону катары саналат. 2018-жылы өткөн акыркы чемпионатта алар финалда Хорватияны утуп, баш байгени жеңип алышкан. Эң кызыгы, бул үч түстүү спортчулардын дүйнөлүк чемпионаттардагы көп жылдык тарыхында мындай деңгээлдеги турнирлерде утуп алган экинчи гана кубогу . Биринчисин 1998-жылы утуп алган. Команда 2006-жылы финалга жетип, бирок Италияга утулуп калган.

2022-жылы Катарда өтүүчү дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунда Франция 7 жеңиш менен тайпада ишенимдүү 1-орунду ээледи. Ошондой эле үч команда, анын ичинде Украинанын командасы менен тең чыккан. Бирок кандай болгон күндө да Дидье Дешамдын оюнчулары турнирдин фавориттеринин бири катары Катарга барат. 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынан бери Франция курама командасынын курамы дүйнөлүк деңгээлде өзгөргөн жок. Командада жаш оюнчуларды Дидье Дешам тажрыйбалуу оюнчулар менен алмаштырууну туура көргөн. Маселен, улуттук курама командадагы матчтардын саны боюнча рекордсмен «Тоттенхэмдин» башкы дарбазачысы 35 жаштагы Уго Льорис дарбазада ойношу ыктымал. Коргонууда күчтүү жылдыздар бар – бирок жараатына карабастан курамга Рафаэль Варандан, өзүнө команда издеп жүргөн Миландын коргоочусу Тео Эрнандес да кирген. Бирок Барселонада мыкты оюн көрсөтүп жаткан Кунде, Ливерпулдагы Конате, Кимпембе, Упамекано сыяктуу орто бөлүктөгү коргоочулар ар бир команданын чабуулун токтотуп коё алат. Ал эми чабуул бөлүгү азыркы учурдагы эң мыкты жаш футболчулар менен толукталган. ПСЖ клубундагы Мбаппе, Барселонадагы Дембеле, Гризманн, Коман, Жиру чакырылган. Ал эми команданын башкы лидери катары бул жылда өзгөчө ийгиликтерди жараткан, алтын топтун ээси Карим Бензема барат. Ал Чемпиондор лигасындагы, Европа биринчилигинде укмуштууда көрсөткүчтөргө жеткен. Бул жолку турнирде команданын финалдык бөлүккө чыгуусуна жардам берет. Жалгыз көйгөйлүү бөлүк- жарым коргоочулар. Жаракатынан улам Поль Погба менен Н’Голо Канте Катарга барбайт.

Франциянын курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышкан алгачкы командалардын бири. Ал 1930-жылы турнирдин биринчи чүчү кулакка катышкан. Анда команда жетинчи орунду гана ээлеген. Ал эми 1958-жылы — учунчу орун. Андан кийин француздар эки жолу квалификациядан өтпөй калган, 1998 жана 2018-жылы алар кубокту утуп алышкан.

Франция курамасы дүйнө чемпионатынын группалык баскычында Австралия, Дания жана Тунис менен кездешет. Алгачкы оюнун Австралия менен 23-Ноябрь күнү, саат 01:00дө өткөрөт.

Белгилей кетсек 22-дүйнө чемпионаты 20-Ноябрь күнү башталат.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар