Дүйнө чемпионаты: Экинчи күндөгү оюндардын жыйынтыгы

 Дүйнө чемпионаты: Экинчи күндөгү оюндардын жыйынтыгы

Катарда дүйнө чемпионатынын экинчи күндүк оюндарында А жана В тайпасындагы командалар беттешти.

Группа А

Сенегал – Нидерланды – 0:2.

Группа В

Англия – Иран – 6:2.

США – Уэльс – 1:1.

Күндүн оюну катары Англия менен Иран беттешип, жаш оюнчулардын куралган команда 6:2 эсебинде ирандыктарды жеңип алды. 1-турдан кийин В тайпасынын лидери Англия курамасы. Оюндун башында Ирандын дарбазачысы өзүнүн командасындагы коргоочу менен кагышып, жаракатынан улам оюнду таштап кетти. Ал эми бул оюн дуйнө чемпионаттарындагы негизги бөлүктөгү эң кеч аяктаган матч катары рекорд жаратты. Башкы калыс биринчи бөлуктө эле 14 мүнөт, экинчи таймда 10 мүнөт кошуп, оюн 117 мүнөткө созулган. Буга чейин 1994-жылкы биринчиликте Корея менен Боливия 103 мүнөт ойногон.

Ал эми В тайпасында АКШ менен Уэльс менен беттешти. Гарет Бейлдин 84чү мүнөттөгү голу командага тең чыгууга жардам берди. Улуттук курама дүйнө чемпионатында акыркы жолу 1958-жылы гол жараткан. АКШ курама командасы (1) экинчи, Уэльс (1) үчүнчү орунда. Голландия Сенегал менен болгон беттеште акыркы мүнөттөрдө жеңишке жетип, үч упайга ээ болду. Биринчи турдан кийин А тайпасында турнирдик таблицада экинчи орунга чыкты. Сенегал (0) үчүнчү орунда. Командалардын тайпадагы атаандаштары Эквадор (3) жана Катар (0) курама командалары.

Ал эми бүгүн С жана Д тайпасындагы алгачкы оюндар өтөт. Аргентина менен Сауд Аравияны (16:00), Дания менен Тунис (19:00), Мексика : Польша (22:00), Франция менен Австралия 23-Ноябрь Бишкек сааты боюнча 01:00дө беттешет.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар