Дүйнө чемпионаты: Бүгүнкү оюндардын графиги

 Дүйнө чемпионаты: Бүгүнкү оюндардын графиги

Бүгүн, 4-декабрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалынын кезектеги оюндары орун алат. Назарыңыздарга оюн күнүнүн графигин сунуштайбыз.

Бишкек убактысы боюнча 21:00

Биринчи жолугушууда дүйнөнүн учурдагы чемпиону Франция курамасы Польша менен ойнойт. Оюн Дохадагы 44 400 көрүүчүгө ылайыкталган Эл Тумама стадионунда өтөт. Атаандаштары Австралия, Тунис жана Дания болгон “D” тайпасында француздар биринчи болуп чыккан. Польша квартетинде экинчи орунду ээледи, анда алардан тышкары Аргентина, Мексика жана Сауд Аравиясы бир тайпада болгон.

Бишкек убактысы боюнча 01:00

Күндүн акыркы оюнунда Англия Сенегал менен беттешет. Оюн 68 миң 895 көрүүчүгө ылайыкташтырылган Эль-Байт стадионунда Эль-Хорах шаарында өтөт. Англия АКШ, Иран жана Уэльс менен ойногон В тайпасында жеңишке жетти. Сенегал Нидерландия, Эквадор жана Катарды да камтыган төрттүк А тайпасынан экинчи орун менен чыккан.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар