Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова күрөшөт

Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 12-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күрөшөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайты жазды.
Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышат. Ал бразилиялык-казакстандык Марат Гарипов менен венгриялык Кристиан Кечкеметинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.
Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалынан баштап күчүн сынайт. Тыныбекова венгриялык Биляна Дудова менен франциялык Амелин Дуардын жеңүүчүсү менен килем үстүнө чыгат.
Белгилесек, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.
Чемпионатка Кыргызстандын атынан жалпы 15 спортчу аттанган.