Дүйнө чемпионаты: Англиянын улуттук курамасынын баасы 1,5 млрд еврону түзөт

 Дүйнө чемпионаты: Англиянын улуттук курамасынын баасы 1,5 млрд еврону түзөт

epa06881256 England’s starting eleven poses before the FIFA World Cup 2018 semi final soccer match between Croatia and England in Moscow, Russia, 11 July 2018. (RESTRICTIONS APPLY: Editorial Use Only, not used in association with any commercial entity – Images must not be used in any form of alert service or push service of any kind including via mobile alert services, downloads to mobile devices or MMS messaging – Images must appear as still images and must not emulate match action video footage – No alteration is made to, and no text or image is superimposed over, any published image which: (a) intentionally obscures or removes a sponsor identification image; or (b) adds or overlays the commercial identification of any third party which is not officially associated with the FIFA World Cup) EPA-EFE/YURI KOCHETKOV EDITORIAL USE ONLY

Англия Катарда өтө турган 22-дүйнө чемпиондугуна бара турган курамын жарыялады. Алар кимдер?

Дарбазачылар:

ДЖОРДАН ПИКФОРД («ЭВЕРТОН»), НИК ПОУП («НЬЮКАСЛ ЮНАЙТЕД»), ААРОН РАМСДЕЙЛ («АРСЕНАЛ»)

Коргоочулар:

ДИОГУ ДАЛОТ («МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕД»), ЖУАН КАНСЕЛУ («МАНЧЕСТЕР СИТИ»), РУБЕН ДИАШ («МАНЧЕСТЕР СИТИ»), ДАНИЛО ПЕРЕЙРА («ПСЖ»), НУНУ МЕНДЕШ («ПСЖ»), ПЕПЕ («ПОРТУ»), АНТОНИУ СИЛВА («БЕНФИКА»), РАФА ГЕРРЕЙРУ («БОРУССИЯ» ДОРТМУНД).

Жарым коргоочулар:

ДЖУД БЕЛЛИНГЕМ («БОРУССИЯ» ДОРТМУНД), МЭЙСОН МАУНТ, КОНОР ГАЛЛАХЕР (ОБА — «ЧЕЛСИ»), КАЛВИН ФИЛЛИПС («МАНЧЕСТЕР СИТИ»), ДЖОРДАН ХЕНДЕРСОН («ЛИВЕРПУЛЬ»), ДЕКЛАН РАЙС («ВЕСТ ХЭМ ЮНАЙТЕД»).

Чабуулчулар:

ФИЛ ФОДЕН, ДЖЕК ГРИЛИШ (ОБА — «МАНЧЕСТЕР СИТИ»), РАХИМ СТЕРЛИНГ («ЧЕЛСИ»), МАРКУС РАШФОРД («МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕД»), ГАРРИ КЕЙН («ТОТТЕНХЭМ ХОТСПУР»), БУКАЙО САКА («АРСЕНАЛ»), КАЛЛУМ УИЛСОН («НЬЮКАСЛ ЮНАЙТЕД»), ДЖЕЙМС МЭДДИСОН («ЛЕСТЕР СИТИ»).

Англия курама командасы дүйнөлүк чемпионаттын финалдык турнирине 19-ирет катышууда. Британдыктар 1950-жылга чейин мундиалга чыга алган эмес. Англия курамасы Катарда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна квалификацияны ишенимдүү жеңип, Европалык тандоонун И тайпасында биринчи орунду ээледи.Анда Польша, Албания, Венгрия, Андорра жана Сан-Марино менен атаандашкан. Квалификациялык он беттеште сегиз жеңиш жана эки тең чыгуу менен Англия экинчи орундагы Польшадан беш упайга артта калтырды.

Команданын башкы тренери Гарет Саутгейт 26 оюнчуну тандап алган жана алардын бирөө гана (Джуд Беллингем) Англия Премьер-Лигасынан башка чемпионатта ойнойт. Акыркы курамга 26 оюнчу, анын ичинде көпчүлүктүн талкуусуна алынган Манчестер Юнайтеддин коргоочусу Гарри Магуайр да кирген. Британ жазылмалары, фанаттар улуттук кураманын башкы машыктыруучусунун чечимине нааразы болуп, акыркы тизме боюнча нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Башка чемпионаттарда ойногон мыкты оюнчулар көп болчу. Мисалы: Джейдон Санчо (Ман Юнайтед) менен Тэмми Абрахамга (Рома) чабуулда орун таба алган жок. Италиянын чемпиону – 2022, “Миландын” коргоочусу Фикайо Томори, ошондой эле “Тоттенхэмдин” жарым коргоочусу Райан Сесеньонго да курамга кирген эмес.

Англия курамасында жаракат алгандар да көп – Рис Жеймс, Бен Чилуэлл (экөө тең “Челси”) жана Доминик Калверт-Льюин (Эвертон) турнирге катышпай калышат. Алардын ордуна Гарет Саутгейт Конор Галлахер («Челси»), Конор Коади («Эвертон») жана Каллум Уилсонду («Ньюкасл Юнайтед») чакырды. Үчөө биригип Англия үчүн 18 гана оюн өткөрүшкөн. Ал эми командада Люк Шоу (Манчестер Юнайтед) жалгыз гана сол сызыктагы коргоочу.

Мындай курамы үчүн Саутгейт сынга алынууда. Кээ бир массалык маалымат каражаттары жана күйөрмандар Эрик Дайер менен Гарри Магуайрды курамга чакырылыш туура эмес дешет. Тоттенхэмдин коргоочусу акыркы матчтарда ката кетирип, жакшы оюн көрсөтө элек. Ал эми Манчестер Юнайтеддин оюнчусу Премьер-Лигада төрт гана оюн өткөргөн.

Англия 1966-жылы өз үйүндө кошумча убакытта Джеффри Херсттин хет-триги менен Германияны 4:2 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиондугун бир гана жолу уткан. 1990-жылкы жана 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионатта – Англиянын оюнчулары жарым финалга чыгууга жетишкенбирок эки жолу тең төртүнчү орунда калган. Алты жолу Англия курамасы чейрек финалдык баскычта өз үйүнө кайткан.

Англия курамасы дүйнө чемпионатынын группалык баскычында АКШ,Иран жана Уэльс менен кездешет. Алгачкы оюнун Иран менен 21-Ноябрь күнү, саат 22:00дө өткөрөт.

Белгилей кетсек 22-дүйнө чемпионаты 20-Ноябрь күнү башталат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар