Телерадиокомпания

Дүйнө биринчилиги: Айпери Медет кызы атаандашын 8:0 эсебинде утуп, чемпион болду.

 Дүйнө биринчилиги: Айпери Медет кызы атаандашын 8:0 эсебинде утуп, чемпион болду.

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиону болду.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта күч сынашкан балбан кыз финалдык беттеште Колумбиянын балбан кызы Татиана Рентерианы 3:1 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Кыргызстандык балбан кыз алгачкы атаандашы Эквадордун балбаны Генесис Росангела Риаско Валдезди да, чейрек финалда күрөшкөн индиялык балбан кыз Бипаша Бипашаны да 4:0 эсебинде далысын килемге басып утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда АКШдан келген балбан кыз Кайли Ренни Велкерди 8:0 эсебинде жеңип алган.

Айпери Медет кызы кадеттер арасында Азия чемпиону (Тайбэй-2016), жаштар арасында Дүйнө чемпиону (Финляндия-2017). Андан тышкары 4 жолку биринчиликте күмүш, 5 жолку биринчиликте коло медаль тагынган. «Токио-2020» жайкы олимпиадасында 5-орун алган.

Жанылыктар