COVID пандемиясы дагы беш жылга созулушу мүмкүн

Gestellte Aufnahme. Symbolfoto: Coronavirus Diagnose. COVID-19, SARS-CoV-2. Berlin 17.03.2020 Berlin Deutschland *** Presented picture Symbol photo Coronavirus Diagnosis COVID 19, SARS CoV 2 Berlin 17 03 2020 Berlin Germany Copyright: xThomasxImo/photothek.netx
Коронавирус инфекциясы кеминде 2026-жылга чейин коркунуч жаратат. Мындай жыйынтыкка Улуу Британиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча илимий-кеңеш тобунун адистери келди. Алардын билдирүүсү уюмдун сайтына жүктөлдү.
«SARS-CoV-2 саламаттык сактоо системасына мурдагыдай эле коркунуч жаратып, эмдөө менен вирус тууралуу маалыматтарга беш жыл ичинде тыкыр көз салууну талап кылат», — деп жазылган документте.
Окумуштуулардын пикиринде, вакцинация менен инфекциянын жайылышына каршы чаралар натыйжалуу болбосо, оору андан да көп убакытка созулат.
Адистер беш-он жылда жамааттык иммунитетти калыбында кармап турууга аракет кылуу керектигин айткан.
Илимий кызматкерлер Улуу Британияда Европанын башка мамлекеттерине салыштырмалуу COVID-19 оорусу вакцинанын жардамы аркылуу басаңдаганын белгилеген.