COVID-19ду жуктургандар кайра каттала баштады

 COVID-19ду жуктургандар кайра каттала баштады

COVID-19 боюнча республикалык штаб 14-апрелге карата үч адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталганын маалымдады. Алардын бирөө Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан катталган.

Бүгүнкү күндө стационарларда 63 бейтап, амбулатордук түрдө 24 бейтап дарыланып жатат. 63 бейтаптын 38инин абалы орто, 21инин абалы оор жана төртөөнүн абалы өтө оор экени айтылды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 973 адам коронавирус жугузган. Алардын ичинен 196 миң 304 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Белгилей кетсек, 4-апрелден бери коронавирус жугузгандар жана каза тапкандар катталбай калган.

Жанылыктар