Телерадиокомпания

COVID-19: Жаңы 69 учур, эмдөө албаган эки бейтап көз жумду

 COVID-19: Жаңы 69 учур, эмдөө албаган эки бейтап көз жумду

Бүгүнкү, 23-ноябрга карата өлкөдө коронавирус инфекциядан эки адам каза болду. Экөө тең эмдөөдөн өткөн эмес. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Муну менен  Кыргызстанда COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2729 адамга жетти.

Ал эми, соңку бир күн ичинде вирус дагы 69 адамдан табылды. Алар:

Бишкек – 30;

Ош шаары – 2;

Чүй – 19;

Ош облусу – 3;

Талас облусу – 3;

Нарын облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 7;

Баткен облусу – 4 кишиден вирус расмий аныкталды.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңге жакындап калды. Алардын 177 миңден көбү сакайды.

Учурда республикадагаы ооруканаларда 458 бейтап, дагы 633 адам үй шартында дарыланууда.

Өткөн суткада эмдөөдөн 11538 адам өттү, алардын 5353 биринчи дозаны, 6185 адам экинчи дозаны алган.

Жалпы 1 076 817 адам вакцинанын биринчи дозасын алды, 858 216 адам экинчи дозаны алган.

Жанылыктар