ОшТВ телерадиокомпаниясы

COVID-19: Жаңы 53 учур, эмдөө албаган 3 бейтап көз жумду

 COVID-19: Жаңы 53 учур, эмдөө албаган 3 бейтап көз жумду

Бүгүн, 1-декабрга карата өлкөдө коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Жаңы аныталган учурлар:  Бишкек шаарында – 18, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет жаңы табылган.

Эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду. Мунун менен Кыргызстанда дарттын курмандыгы 2 миң 749 адамга жетти.

Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайып чыгкты. Учурда стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 466 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 404 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 332 киши оорудан айыкты.

Жанылыктар