COVID-19: Жаңы 52 учур, эки бейтап көз жумду

 COVID-19: Жаңы 52 учур, эки бейтап көз жумду

Бүгүн, 4-январга карата коронавирус дагы 52 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Жаңы аныкталган учурлар:  Бишкек шаарында – 34, Ош шаарында – 10, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 6 адам.

Ал эми бир суткада 50 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 879 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 997 киши айыгып чыкса, 2 миң 807 адам каза болду.

Жанылыктар