COVID-19: Жаңы 51 учур, эмдөө албаган эки бейтап көз жумду

Өлкөдө бүгүн, 21-декабрга карата 51 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдын маалыматында айтылат.
Жаңы жуктурган учурлар: Бишкек шаарында – 14, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда — 3 адам.
Ошентип, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 269 адам коронавируска чалдыкты.
Соңку бир суткада эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду. Муну менен илдеттин курмандыгы өлкөдө — 2 миң 786 киши.
Ал эми сутка ичинде 41 адам вирустан сакайып, ооруну жеңгендердин жалпы саны 179 миң 352 кишиге жетти. Бүгүнкү күндө ооруканада 303 бейтап, үй шартында 345 адам дарыланууда.