COVID-19: Вирустан эмдөө албаган 3 бейтап каза болду

Бүгүн, 3-декабрга карата коронавирус дагы 50 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Жаңы аныкталган учурлар: Бишкек шаарында – 24, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 6 адам. Муну менен пандемия башталгандан бери коронавирус жуктургандардын саны жалпы 183 миң 510 кишиге жетти.
Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыгып, дартты жеңгендер 178 миң 478 адам болду.
Соңку суткада эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болуп, илдеттин курмандыгы өлкөдө 2 миң 755 адам.
Учурда стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 466 адам дарыланууда.