COVID-19: Сутка ичинде 40 бейтап айыкты, 36 адамдан вирус жаңы аныкталды

Бүгүн, 14-декабрга карата өлкөдө коронавирус дагы 36 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда 3 адамдан илдет жаңы табылган.
Ал эми бир суткада 40 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 321 бейтап, амбулатордук түрдө 367 адам дарыланууда.Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 27 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 80 киши айыгып чыкса, 2 миң 773 адам каза болду.
Ошондой эле, соңку суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 8 миң 935 адам эмдөөдөн өттү. Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 29 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 906 жаран экинчи дозасын алды.
Кыргызстан боюнча жалпы 1 млн 165 миң 204 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 947 миң 399 жаран экинчи компоненти менен эмделди.