COVID-19: Сутка ичинде 3 бейтап каза болду, жаңы 412 учур аныкталды

 COVID-19: Сутка ичинде 3 бейтап каза болду, жаңы 412 учур аныкталды

Бүгүн,  25-январга карата коронавирустан дагы 3 бейтап каза болду. 412 адамдан вирус жаңы аныкталганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 242, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 91, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 12 адамдан илдет табылган.

Ошондо эле, акыркы суткада 511 адам илдеттен сакайып чыкты.

Учурда  стационарларда коронавирустан 1 139 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 709 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 196 миң 232 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 184 миң 28 киши айыгып чыкса, 2 миң 854 адам каза болду.

Жанылыктар