COVID-19: Сутка ичинде 198 адамдан вирус аныкталып, ооруканадан 66 бейтап айыгып чыкты

 COVID-19: Сутка ичинде 198 адамдан вирус аныкталып, ооруканадан 66 бейтап айыгып чыкты

Бүгүн, 10-январга карата коронавирус 198 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 136, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 66 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 459 бейтап, амбулатордук түрдө 952 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 65 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 347 киши айыгып чыкса, 2 миң 819 адам каза болду.

Жанылыктар