COVID-19: Соңку бир күндө вирус 4 бейтаптын өмүрүн алды

Бүгүн, 26-январга карата коронавирус 370 адамдан жаны аныкталып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 243, Чүй облусунда – 71, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 15, Ысык-Көл облусунда – 11, Нарын облусунда – 5, Ош облусунда – 4, Ош шаарында – 2, Талас облусунда – 1 адамдан илдет табылган. Муну менен дартка чалдыккандардын саны Кыргызстан боюнча — 196 миң 602 адам
Акыркы суткада 510 адам илдеттен сакайып чыкты. Ооруну жеңгендердин саны 184 миң 538 кишиге жетти. Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирустан 2 миң 858 адам каза болду.
Учурда республика боюнча 1 миң 118 бейтап ооруканаларда дарыланууд, алардын ичинене 63 бейтаптын абалы өтө оор. Ошондой эле, 6 583 адам медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.