COVID-19: Сактаныңыз, вирус күч алды. Сутка ичинде 820 адам ооруну жугузду

 COVID-19: Сактаныңыз, вирус күч алды. Сутка ичинде 820 адам ооруну жугузду

Бүгүн, 18-январга карата коронавирус 820 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 600, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 109, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 9 жана Баткен облусунда 29 адамдан илдет табылган.

Ал эми сутка чичнде 153 адам илдеттен сакайып чыкты. Үч бейтап каза болду.

Учурда республика аймагындагы ооруканаларда коронавирустан 967 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 770 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 191 миң 288 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 225 киши айыгып чыкса, 2 миң 836 бейтап каза болду.

Жанылыктар