ОшТВ телерадиокомпаниясы

COVID-19: Сак болуңуз! Вирус кайрадан көбөйүүдө

 COVID-19: Сак болуңуз! Вирус кайрадан көбөйүүдө

Бүгүн, 11-январга карата коронавирус 348 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жаңы аныкталган учурлар:  Бишкек шаарында – 244, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 38, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Соңку суткада 85 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Учурда республика аймагындагы ооруканаларда коронавирустан 475 бейтап, амбулатордук түрдө 1 196 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 413 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 432 киши айыгып чыкса, 2 миң 821 адам каза болду.

Жанылыктар