COVID-19: Оштогу Киров мектебинде айрым класстар онлайн окууга өттү

Ош шаарындагы Киров атындагы орто мектептин эки мугалиминен коронавирус табылып, айрым класстын окуучулары эки жумага онлайн окууга өтүштү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Санталат Аматова билдирди.
«Эки эжекенен вирус чыгып бүгүн алар жетектеген эки класс онлайн окууга өтүштү. Окуучулардан аныкталган жок. Азыр жалпы эле шаардагы мектептерде коронавирус боюнча кырдаал туруктуу. Баардык санитардык талаптарды сактап, эмдөөдөн өткөнү жатабыз»- деди Аматова.
Бүгүн, 18-январда Ош шаарында коронавирустун 12 жаңы учуру катталды.
Эске салсак, Бишкек шаарында 18-январдан тартып 16 мектеп жана бир бала бакча коронавируска байланыштуу эки жумага жабылды.
Сүрөт интернеттен алынды