Телерадиокомпания

COVID-19: Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок. Соңку Статистика

 COVID-19: Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок. Соңку Статистика

Бүгүнкү, 25-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза болду. Экөө тең эмдөөдөн өткөн эмес. Бул тууралуу республикалык штабдын маалыматында белгилүү болд.

Мунун менен өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2734 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 70 адамдан табылды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

Бишкек – 23

Чүй облусу – 21

Ош облусу – 6

Талас облусу – 2

Ысык-Көл облусу – 8

Жалал-Абад облусу – 7

Баткен облусу – 3

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңден ашты. Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 67 адам. Инфекция жугузгандардын 177 миңден көбү сакайды.

Учурда  ооруканада 457 бейтап жатат, дагы 579 адам үйдөн дарыланууда.

Өткөн суткада эмдөөдөн 12,5 миңден ашуун адам өттү, алардын теңинен көбү биринчи дозаны алган. Эмдөө алган жарандардын саны Кыргызстан боюнча 2 миллионго жакындады.

Жанылыктар