Телерадиокомпания

COVID-19: Ооруканаларда 642 бейтап, үй шартында 798 адам дарыланууда.

 COVID-19: Ооруканаларда 642 бейтап, үй шартында 798 адам дарыланууда.

Бүгүн, 5-ноябрга карата коронавирус дагы 78 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Жаңы аныкталган учурлар: Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.
Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 642 бейтап, амбулатордук түрдө 798 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 668 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 25 киши айыгып чыкса, 2 миң 681 адам каза болду.

Жанылыктар