COVID-19: Эпидабал курчуду. Сутка ичинде 870 адам ооруга чалдыкты

 COVID-19: Эпидабал курчуду. Сутка ичинде 870 адам ооруга чалдыкты

Кыргызстанда  эпидемиологиялык абал курчуду. Бүгүн, 19-январга карата коронавирус 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 627, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 141, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 16 жана Баткен облусунда 28 адамдан илдет табылган. Муну менен пандемия башталгандан бери өлкөдө ооруга чалдыккандардын жалпы саны  192 миң 158 адам болду.

Ошондой эле, акыркы суткада 201 адам илдеттен сакайып, дартты жеңгендер 181 миң 426 киши.

Соңку бир күндөэки бейтап каза болуп, дарттын курмандыгы жалпы  2 миң 838 адамга жетти.

Жанылыктар