COVID-19: Эмдөө албаган 4 бейтап көз жумду, 870 жаңы учур катталды

 COVID-19: Эмдөө албаган 4 бейтап көз жумду, 870 жаңы учур катталды

Бүгүн,  20-январга карата коронавирустан дагы 4 бейтап каза болду. Республикалык штаб билдиргендей, көз жумгандар Бишкек шаарынан катталып, төртөө тең эмдөө албагандар болгон.

Сутка ичинде өлкөдө 870 жаңы учур аныкталган. Алар:  Бишкек шаарында – 600, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 161, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 23 жана Баткен облусунда 27 адамдан илдет табылган.

Соңку бир күндө  266 адам илдеттен сакайып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 28 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 842 бейтап каза болду.

Жанылыктар