COVID-19: Дарыланып жаткан 50 бейтап айыкты, жаңы 40 адамга вирус жукту

Бүгүн, 29-декабрга карата коронавирус дагы 40 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Анын ичинде Бишкек шаарына – 14, Чүй облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Ооруканада дарыланып жаткан 50 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 266 бейтап, амбулатордук түрдө 312 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 592 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 730 киши айыгып чыкса, 2 миң 799 адам каза болду.
Ал эми, суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 92 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 3 миң 677 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 415 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 223 миң 170 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 7 миң 841 жаран экинчи компоненти менен эмделди.