COVID-19:  Дүйнөдө 357,9 миллиондон ашык адам вирус жуктуруп, 5,6 миллиондон ашыгы каза болду      

 COVID-19:   Дүйнөдө 357,9 миллиондон ашык адам вирус жуктуруп, 5,6 миллиондон ашыгы каза болду      

Акыркы эки күндө дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 6 миллион 993 миң 10 адамга көбөйдү. Муну окумуштуулар иштеп чыккан онлайн картанын маалыматтары тастыктап турат.

Жалпысынан дүйнөдө 357 миллион 963 миң 895 адам коронавирус жуктурган. Көбүнчө АКШ (72 миллион 171 миң 208), Индия (39 миллион 799 миң 202), Бразилия (24 миллион 342 миң 322), Франция (17 миллион 420 миң 531), Улуу Британия (16 миллион 158 миң 212), Орусия (11 миллион 55 миң 246), Түркия (11 миллион 90 миң 493), Аргентина (8 миллион 41 миң 520), Иран (6 миллион 267 миң 559), Колумбия (5 миллион 780 миң 910), Испания (9 миллион 395) миң 767), Италия (10 миллион 212 миң 621) жана Германия (8 миллион 956 миң 528).

Коронавирустан каза болгондордун саны 5 миллион 614 миң 43кө жетти. Эки күндө бул көрсөткүч 18 миң 76 адамга көбөйдү. Анын ичинде АКШда жалпысынан 871 миң 937 адам, Бразилияда – 624 миң 129, Индияда – 490 миң 462, Мексикада – 303 миң 301, Орусияда – 319 миң 536, Улуу Британияда – 154 миң 873 жана Италияда – 144 миң адам каза болгон. 343.

Кыргызстанда 196 602, Казакстанда 1 252 265, Өзбекстанда 216 186, Тажикстанда 17 609 адам коронавирус жуктурган.

Жанылыктар