COVID-19: Бир күндө 63 адамдан вирус аныкталды, эмдөө албаган 2 бейтап көз жумду

Бүгүн, 7-декабрга карата коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 21, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 24, Ош облусу – 4, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан илдет жаңы табылган.
Ал эми бир суткада 59 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 350 бейтап, амбулатордук түрдө 407 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 712 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 710 киши айыгып чыкса, 2 миң 762 адам каза болду.
Акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 853 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 4 миң 735 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 118 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 139 миң 466 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 918 миң 680 жаран экинчи компоненти менен эмделди.